Ысык-Көл. Пристань-Пржевальск шаарчасында көлгө түшүү сезонунун ачылыш аземи болду
Эс алуучулар көлгө кийимчен дагы түшүштү


Эс алуучулар көлгө кийимчен дагы түшүштү

Эс алуучулар

Кум үстүндө күрөш өткөрүлдү

Волейбол ойноо учуру

Балакайлар үчүн да атайын шарттар да каралган

Эс алуучулар

Эс алуучуларга сахналаштырылган концерт коюлду

Жергиликтүү ырчылар

Көл жээкте тамак-аштар сатылды

Бийчилер иш-чаранын көркүн ачышты

Каракол шаарынын мэри куттуктоо сөзүн сүйлөөдө
15-июнда Ысык-Көл облусунун Пристань-Пржевальск шаарчасында көлгө түшүү сезонунун ачылышы болду. Иш-чара жергиликтүү театр кызматкерлери тарабынан сахналаштырылган көрсөтүү менен башталып, андан соң Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгуловдун куттуктоо сөзү менен уланды. Жаштар арасында волейбол, футбол жана кум үстүндө күрөшүү боюнча спорт оюндары уюштурулуп, жеңүүчүлөр мэрдин кубогу, диплом, медалдар менен сыйланышты. Көл жээгинде тамак-аш, суусундуктар сатылып, кичинекей бөбөктөргө үйлөмө шарлар коюлган. Мындан сырткары иш-чара концерттик программа менен коштолуп, шаардык Маданият үйүнүн кызматкерлери эс алуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

