Бишкекте мечитте уурулук кылган деп шектелип, 27 жаштагы адам кармалды

Бишкектеги мечиттердин биринде уурулук кылган деп шектелип, 27 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаран 23-февралда мечитке барып, күрмөсүнүн чөнтөгүнөн уюлдук телефонун жана акчаларын уурдатканын айтып кайрылган. Кийин бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, 19-мартта уурулук фактысы боюнча шектүү катары 27 жаштагы Т.И. аттуу борбор калаанын тургуну кармалган. Иликтөө иштеринин натыйжасында анын мечиттерде катталган башка да 8 уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган.
Ага карата 164-берене (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Акырет бейишнер озунорго буюрсун. Кайсы чала молдонор уйротту акырет деп. Озунорду озунор алдап журо бергендин эмне кереги бар. Чыныгы ишеним журокто гана болот. Молдолордун бейиши жок эле жашообуз жакшы эле журуп жатат. Чала молдо эл бузат болбогулачы.