super.kg logo
  Спорт  

Түштүк Кореядагы кыргыз күйөрманы Нурсултан Алтыбаев Кыргыз-Мьянма беттешиндеги сезимдерин бөлүштү

 

Бүгүн, 22-мартта Түштүк Кореянын Инчон шаарында өткөн футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянма курамасын жеңип алды. Бул жеңиш менен Кыргыз футболчулар 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Азия Кубогунун финалдык этабына жолдомо камсыздай алды.

Кыргыз курама командасына колдоо көрсөтүш үчүн жолдун узактыгына карабай Сеул шаарынан Инчон шаарына келген Нурсултан Алтыбаев Кыргыз-Мьянма беттеши жана оюн учурундагы сезимдери тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

Нурсултан Алтыбаев менен күйөрмандар жана Кыргыз курама командасынын оюнчусу Даниэль Тэго

"Мен Сеул шаарында жашайм. Инчон бизден 1 сааттан ашык алыстыкта жайгашкан. Активдүү студент катары башка студенттер менен чогулуп, Сеулдан жана башка шаарлардан Кыргыз футболчуларын колдоо үчүн бардык. Чынын айтсам мен футбол ойнобой же кызыкпай калганыма быйыл туура 5 жыл болуптур. 5 жылдын аралыгында волейболго кызыгып ойноп жүрөм. Бирок бүгүнкү күн башкача болду. Тамагыбыз бүтүп, үнүбүз чыкпай калганча кыйкыруу менен бирге футболго болгон сүйүү сезимдер ойгонгондой болду. Же бул өз улутуңдун намысыбы билбейм.

Кыргыз курамасынын күйөрмандары

Түштүк Кореядагы Кыргыз Республикасынын элчиси Кылычбек Султан күйөрмандардын сап башында туруп, жарандардын чогулушуна жана стадионго барып колдоо көрсөтүшүнө чоң салым кошту. Элчи өзү баш болуп Кыргыз курамына колдоо көрсөтүп жүрсө, биз болгон дилибиз менен жан үрөп колдобой эмне кылмак элек? "Алга, Кыргыз! Алга, Ак Шумкар!" деген ураандарды көп айтып жаттык. Аз болсок дагы саз колдоо көрсөттүк. Бир дем, бир күч менен Кыргыз футболчуларды колдоп жаттык. Биздин колдоо командага жеңиш алып келсе, алардын жеңиши бизге аябай чоң кубаныч тартуулады. Чынында мыкты даярданышып, мыкты оюн көрсөтүштү.

Кыргыз курамасынын күйөрмандары, алардын арасында Кореядагы Кыргыз Республикасынын элчиси Кылычбек Султан.

Кыргыздар Кореяда Мьянманын жарандарына салыштырмалуу кыйла эле азбыз. Бүгүн дагы стадионго аз бардык. Бирок биздин колдоо бизден төрт эсе көп келген мьянмалыктардыкынан дагы күчтүү болду. Алардын командасы жеңилсе дагы, беттеш аяктаган соң бизге куттуктоо сөздөрүн айтканга жарашты. Жеңилүү ызасын татыктуу кабыл алышты.

Мьянма курамасынын күйөрмандары

Мамлекетибизде футбол өнүгүп жатканы, команданын аракети биздин жүрөгүбүздү жылытпай койбойт. Оюн бүткөн соң ар бир оюнчу менен жолугууга мүмкүнчүлүк алдык. Бири-бирибизге куттуктоолорду, ыраазычылык билдирип кайтып келдик", - дейт Нурсултан Алтыбаев.
Айта кетсек, футбол боюнча Кыргыз курама командасы 5 оюндун жыйынтыгында "А" тайпасында 10 упай менен 2-орунда жайгашса, Мьянма 5 упай менен 3-орунда жайгашты. Ал эми 1-орунда 13 упайга ээ болгон Индия курамасы жайгашса, 4-орунда упайсыз Макао жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(5)
22.03.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылычбек мырза аябай жакшы иштейт да.Рахмат сизге колдоо корсотконунуз учун.Келечекте сиздин президент болушунузду кутом.Футболчулар азаматсынар ийгиликтер боло берсин
Mamiev түзөттү 2018-03-22 21:59:48
22.03.2018. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул элчинин иштегени аябай жагат. Башка бир элчинин ушундай иштегенин уга элекмин. Буюрса дагы коп ийгиликтерди каалайм. Сыйлайм
23.03.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул тарых, кимдин ким экени биринчи. Землянухинден мьянма спорт менен намысты талашпай эле койсун.
23.03.2018. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
rysik79,жардыныз го
tatynam_88 түзөттү 2018-03-23 01:42:14
23.03.2018. 07:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
rysik79,ха ха ха ха эми бул прикол болот го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: