super.kg logo

АКШ Кытайга каршы чектөөлөрдү киргизди

 

АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга каршы чектөөлөрдү киргизген жарлыкка кол койду. Анын ичинде Кытайдан келүүчү 60 миллиард долларлык көлөмдөгү бардык товарларга жана Кытай инвестицияларына бажы төлөмдөрүн киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШ расмий Пекинден соода дефицитин тез арада 100 миллиард долларга кыскартууну талап кылууда. Президент учурда соода дефициттин көлөмү 450 миллиард доллар экенин айткан. "Дефициттин өсүшү эки тараптуу соода мамиледеги негизги көйгөй" деп билдирген Трамп. Президенттик администрация инвестициялардын көлөмүн кыскартуунун себебин, учурдагы эки тараптуу түзүлгөн ишканалар кытайлыктарга АКШнын мүлктөрүн өздөштүрүп алууга жол бериши менен байланыштырган.

Трамп АКШдагы соода өкүлүнө кайрылып, 15 күн убакыттын ичинде жаңы бажы төлөмдөрү менен Кытайдан келүүчү товарлардын тизмегин түзүүнү тапшырды. Мындан тышкары соода өкүлүнө Пекинге карата лицензия берүү боюнча доо коюп, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылууну да милдеттендирди.

Пекин АКШнын айыптоолорун четке кагып, Трампты эмоцияга алдырбоого чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
23.03.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул бут дуйнону чалмакей кылмай болду. Жамандан кесепети деген ушул да.
23.03.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трамп молодец, өз өлкөсү үчүн күйүп жатат,
23.03.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
vavilon.,Ооба кыйратып атасынар
23.03.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн.
23.03.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Трамтын жанына кошулда сенда бизге кытай жакын не сага америка жардам берип атабы айтсан
23.03.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чектоо кучуно кирсе Кытай товарлары Россияга тыгылат экенда. Биздеда Траптай экономист бийлике келбесе карыз кредитке батып калдыкго.
23.03.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jbolotov,элдин балдары 60 миллиард доллардан суйлошсо биз 4 миллиард доллар карызды толоодон коркобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: