super.kg logo

Абакта жаткан Бектур Асанов башкы прокурор менен ЖАМКнын төрагасына ачык кат менен кайрылды

 

Абакта жаткан оппозиционер Бектур Асанов башкы прокурор Индира Жолдубаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровго ачык кат менен кайрылды. Асановдун 20-мартта жазган кайрылуу катын жарандык активист Адил Турдукулов социалдык түйүндөгү өздүк баракчасына жарыялады. Катта Асанов Жолдубаева менен Жапаровдон эмне үчүн №27-абакта жалгыз кармалып жатканынын себебин түшүндүрүүнү өтүнгөн.

"27-февралда ЖАМК жетекчилиги тарабынан №27-абактын №5-отрядына которулгам. Бирок ушул күнгө чейин өз отрядыма кошулбай жалгыз кармалып келүүдөмүн. Ушул жагдайдын мыйзамдуулугун мага расмий түшүндүрүп берүүңүздү өтүнөм", - деп жазылган катында.

Белгилей кетсек, оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга райондук жана шаардык соттун чечими менен камалышкан.

Алар соттун мындай чечимине нааразы болуп №47-абакта 30-январдан 21-февралга чейин кургак ачкачылык жарыялашкан. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 26-февралда Бектур Асанов Бишкектеги СИЗО-1ге которулганын кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.03.2018. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир ок менен эки коенду атып тушуром деп жаткан экен да.
23.03.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул олбодубу олом деди элего ачкачылыкты токтотпойм деп эркек бир эле суйлогону жакшыго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: