super.kg logo

Ата-энесин кароодон баш тарткан жарандарды эркинен ажыратуу сунушталды

 

Ата-энесин, жакын адамдарын кароодон баш тарткан жарандарды эркинен ажыратуу сунушталды. Кылмыш-жаза кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов демилге кылып, ал коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи бүгүнкү күндө эмгекке жарамдуу жарандар, камкордукка муктаж болгон ата-эне, жакын туугандарын карылар үйүнө таштап салган окуялар көп болуп жатканын билдирген.

Мындан улам жашы жеткен, эмгекке жарамдуу балдар жүйөлүү себепсиз бир жылдын ичинде үч айдан ашык соттун чечими боюнча эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин кароого каражат төлөөдөн баш тартса, III категориядагы түзөтүү иштерине же IV категориядагы айып пулга тартылат. Ушул эле жарандарды тийиштүү кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга же эки жылга чейинки мөөнөткө тийиштүү иш менен алектенүүдөн ажыратууга жана I категориядагы айып пулга жазаланышы мүмкүн.

I категориядагы эркиндигинен ажыратуунун мөөнөтү - 2 жыл алты ай. IV категориядагы айып пулдун көлөмү 180 миң сомдон 220 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.

Мыйзамдын негиздемесинде мындай тажрыйба коңшу Тажикстанда иштеп жатканы айтылат.

"Тажикстанда ата-энесин багуудан качкандар үчүн кылмыш жазасы каралган. Ага ылайык, Тажикстан мамлекетинин Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесине ылайык жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейин мажбур жумуштары менен же эки жылдык түзөтүү жумуш иштери менен жазаланат. Жогоруда белгилеп кеткен берене Тажикстан мамлекетинде жакшы таасир этип, элдин моралдык жана рухий дүйнөсүн жогорулатып жатканы анык", - деп жазылат негиздемеде.

Эгер мыйзам коомдук талкуудан өтүп, Жогорку Кеңеш кабыл алса бул 2019-жылдан тартып ишке кириши күтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(13)
23.03.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Туура ошондой кылыш керек мен колдойм
23.03.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ооо мен колдойм эки колумду бутумдуда кошуп
23.03.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргыз эли баарыбыз колдойбуз
23.03.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
nurikkg88,
Карыганда жан таттуу. Карылык коркунуч эмес, олум коркунучтуу.
23.03.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mirlan27011987, Олумдон корксон дагы олосун коркпосон дагы олосун. Ата-Энен карыса дагы тируу кезинде сыйлап кал
23.03.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мамлекет озунун жоопкерчилигин жонокой атуулдарга оодаргысы келип атат. Бул закон чондорго иштебейт кайра эле карапайым элге иштейт. Кеп ыйманда.
23.03.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AIZAD, мамлекеттин кандай тиешеси бар кичине ойлонуп жазып атасынбы буту колу соо туруп тирүүлөй ата энесинен баш тарткан жарандарга жаза киргизилиш керек деп жатат мамлекет багат деп эле баары баш тарта берсе кандай болот
23.03.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бүгүндөн баштап эле иш жүзүнө киргизип коё бергиле көпчүлүгү колдойт мындай мыйзамды!
23.03.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Колдойбуз кантип колдобой коёбуз эң туура мыйзам айып пулду дагы көбүрөөк кобойтуш керек. Ата энесин баккандан баш тартып эмне жакшылык корушоор экен мындай көрүнүштү башка элдерден көрүп чочучу элек эми болсо өзүбүздукулор таштап баштады кудайым ар бир инсанына ыйман берсин
23.03.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ата-энени кандай таш боор бала бакпай койот болду экен?Аллах баарыбызга ыйман берсин!Билип билбей кылган куноолорубузду кечирсин!
23.03.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы сунуш кош колдоп колдойм
23.03.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баш тартса эркининен ажыратканга ашыкпай жаштарга иш орду,каарылардын пенсиясын которуп шарт тузуу жолун караштырыш кк!!! Азап мн чонойткон ар бир ата эне торубуздун корку болсун каарыганда
23.03.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура иш дароо ишке киргизиш керек, эмнени же кимди кутуу керек 2019га чеин чозбой сразу баштагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: