super.kg logo

Депутат жашы жете электерди никеге турууга тыюу салган мыйзамдын иштебей жаткандыгын айтты

 

Кыргыз жергесинде 18 жашка чейинки кыздардын турмуш куруусуна тыюу салган мыйзам аткарылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта өткөн "Кыздардын укугун коргойбуз жана 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн эрте никеге туруусуна бөгөт коёбуз" аттуу жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова билдирди.

Эл өкүлү улуттун саламаттыгы эненин ден-соолугунан көз каранды экенин белгиледи.

"Жаш, өспүрүм кыздардын никеге туруусуна мыйзам тыюу салганы менен аталган мыйзамды сактабагандар көп болууда. Жашы жете элек кыздар турмушка чыкканда - биринчиден, анын балалыгы уурдалууда. Экинчиден, ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Анткени, өзү толук жетиле электе балалуу болуп жатышат. Бул ал кыздын кийинки жашоосуна зыян алып келет. Учурда өлкөдөгү балдар үйүндө майып балдардын саны көбөйдү. Бул жаштайынан никеге туруунун кесепети болуп жатат", - дейт эл өкүлү.

Ошондой эле эл өкүлү кичинекей, секелек жана жаш кыздарды зордуктагандыгы боюнча катталган кылмыш иштери тосмо арыз менен токтотулуп калбашы керектигине токтолду.

"Эгер биз аталган маселеге чара колдонбосок, балдарыбыз зыян тартып, тагдырлары талкалана берет. Балдарга карата зордук-зомбулук көбөйөт. Андан сырткары, ата-энелердин балдарынын эрте никеге туруусунда жоопкерчилигин кароо керек", - деп кошумчалады депутат.

Айта кетсек, 18 жашка чейинки өспүрүм кыздардын эрте турмушка чыгуусун изилдөөнү "Аялдарды коргоо" коомдук уюму ишке ашырууда. Аталган долбоор 2017-жылдын сентябрь айынан бери Улуу Британиянын жана бейөкмөт уюмдардын колдоосунда ишке ашырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.03.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде эч кандай мыйзам иштебейт.
23.03.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштык менен ден соолуктун кадыры карылыкта билинет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: