"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Ош облусундагы ооруканада тескери илинип турган Кыргыздын желеги оңдолуп илинди" дейт оорукана башчысы
Окурман жөнөткөн тескери илинген желектин сүрөтү


Окурман жөнөткөн тескери илинген желектин сүрөтү

Оңдолуп илинген желектин сүрөтү
Ош облусундагы ооруканадагы Кыргыздын желеги оңдолуп илинди. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына Кара-Суу районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Динара Токторова билдирди.
"Кара-Суу районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги сиздердин билдирүүңүздөрдөн улам Ишкаван айылындагы ооруканада тескери илинген желек 14-мартта кайра оңдолуп илинген", - дейт Токторова.
Эскерте кетсек, "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу "Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ишкаван айылындагы ооруканада Кыргыздын желеги тескери илинип турат" деген билдирүүсүн жиберген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.