super.kg logo

Өкмөт эмне үчүн Башкы прокуратурага 250 миллион сом бөлүнгөнүн, бул акча эмнеге жумшаларын түшүндүрдү

 

Өкмөттүн басма сөз кызматы Башкы прокуратурага 250 миллион сомдун бөлүнүшү тууралуу маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты.

Ага ылайык, Башкы прокуратура 2017-жылы "Альфа-Телеком" жана "Brasfortlimited" компанияларынын ортосунда түзүлгөн насыялык келишим боюнча мыйзам бузууну аныктаган жана жыйынтыгында 5 миллиард 416 миллион сом өлчөмүндөгү мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган.

"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" мыйзамынын 63-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, прокуратура органдарына мамлекетке келтирилген зыяндын суммасынын жана прокурордун доо арызы боюнча соттун чечими менен кайтарылган акча каражаттарынын 30 пайызын алуу укугу берилет.

"Бишкек шаардык райондор аралык соту 2017-жылдын 4-майындагы чечими менен келтирилген зыяндын 1 миллиард 624 миллион сом суммасын (30 пайыз) прокуратура органдарына төлөп берүү токтомун чыгарган.

Өкмөттүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы буйругуна ылайык, 250 миллион сом өлчөмүндөгү сумма Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган.

Мындан тышкары, Башкы прокуратурага иш жүзүндө 47,1 миллион сом бөлүнгөн, бул тууралуу "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилген", - деп айтылат билдирүүдө.

"Аталган каражат прокуратура органдарынын кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн, тактап айтканда, административдик имараттарды жана прокуратура органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн кызматтык турак жайларын куруу жана оңдоо, форма тигүү, ошондой эле компьютердик техника алууга багытталган", - деп толуктады басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
23.03.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеп,баарын сатып түгөткүлө Кыргызстанды! Тобо ошол үчүн өнүкпөйт кыргызстан!
23.03.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бергени жакшы болуптур мыйзамдуу жана Туура чечим.
Негизи пракурорлордун айлыгын кобойтуш керек.
10 мин сом айлык алат.
Анан коррупция кылбашка айла жок болот да.
Жок дегенде 30 мин айлык бериш керек.
Себеби прокуратура мамлекеттеги баардык органдардын мыйзамдуулугун сактаган оз алдынча орган.
dastan.bujun түзөттү 2018-03-23 13:23:27
23.03.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
dastan.bujun,Прокуратуранын айлыгы 10 миң деген маалыматты кайсыл жактан алдың? Алар 30 миң айлыкка дагын иштебейт... Эң майлуу сүттүү орун... Президенттин ыраазычылыкгы эле доллардан сүйлөнөт. 10 миңди айтып жүрөсүңда. Көп маалымат жазайын дейм, БАН деп салабы деп корком да
23.03.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrawit,10000ден 20000га чейин эле стаж мн званиесине карап.Прокурор десе эле жаман ойлошот миллиондорду жеп жатат деп.Жогору тараптагыларында болушу мумкун,томонкулор айлык кутуп эле жашашат.
23.03.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каяктагы 30мин айлыка дагы иштебейт деп кайдагыны айтпагылачы?15мин сом айлыка иштеп эле журобуз торт баланы багып,батир маселесин да ошол айлыктын эсебинен толоп.Билип билбей суйлогондун эмне кереги бар.Айлыктарын которсо жакшы болмок
23.03.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кадамжай району, Жаштилек мектебине да акча бөлгүлөчү, жаңы имарат бүтүп калсын.100 орундуу мектеп имаратында 500 дөй окуучу тыгылып окуйт 4 нөөмөт менен. 10 жылдан бери ушул абал, дагы качанга чейин уланат бул кыйынчылык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: