super.kg logo

Индияда дүйнөдөгү эң чоң эстеликти тургузуу иштери 2018-жылы аягына чыгат

 

Индияда дүйнөдөгү эң чоң эстеликти тургузуу иштери 2018-жылы аягына чыгат. Эстелик эгемендүүлүк үчүн күрөшкөн индиялык Валлабхаи Пательге арналган.

Эстеликтин жалпы бийиктиги 240 метрге жетет, бул АКШдагы Эркиндик эстелигинен эки эсе жана Кытайда жайгашкан дүйнө жүзүндөгү эң бийик Будданын эстелигинен 54 метрге бийик болот.

Эстелик Гужарат штатынын Вадодара шаарында жайгашкан жасалма көлдө орун алган.

Бул долбоорду "Michael Graves Architecture & Design" компаниясы ишке ашырып жатат.

Курулуш иштери 2014-жылы башталган, ал жакта күнү-түнү дебей 2 миң 400 жумушчу эмгектенет.

2017-жылдын жай айларына чейин эстелик тизесине чейин (54 метр) тургузулган.

Эстеликти тургузуу үчүн 5 миң 700 тонна болот, 18 миң 500 тонна темир арматура, 75 миң куб метр бетон жана 22 миң 500 тонна коло тунуке керектелген.

Бул эстеликтин жалпы баасы 320 миллион долларга бааланган. Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин айтымында, бул курулуш Индиянын дүйнөдөгү эл аралык аброюн көтөрүп туристтерди тартууга жардам берет.






Дүйнөдөгү эң чоң эстеликтин курулушу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
23.03.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Молодецтер)
23.03.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Оххо 320$милиоонго дүйнөдөгү эң чооң эстелик бүтүрүп жатат бизде болсо 326$милиоонго бир жылуулук борбору ремонту бүтпөйт 600$ кымчыгыч алат.
23.03.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кулап калбагыдай жасаш керек да биздикилер 386миллион долларга бир жылуулук тармагын ондой алышпай жатат бири бирин чукуп
23.03.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Барып коргум келип кетти. Бул рекорддордун жылы болот окшойт
23.03.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дуйного рекорд койгон айкелдин баасы 320 млн а бизде ТЭСтин жанылоосу 386 млн? Айырма ото чоонго
23.03.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
алар эн чоон эстелик м.н рекорд койсо зато бизде 600$ бир кымчыгыч алып рекорд коюлду. анча мынчасы ушундай суммага бир кычкач ала албайт бул да рекорд*))
23.03.2018. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошончо акчага эстеликтен башка кооз бирдеме курушса болмок экен
23.03.2018. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
muslim87,Бул эстелик алардын тарыхын дагы бир жолу бекемдейт.Башкалар бироого караштууларды дагы оздоруно ыйгарып алып жатышат.А биз болсо даяр Манасыбызды жарымыбыз дагы деле жомок деп журобуз.
24.03.2018. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muslim87,мисалы ТЭЦ)))
24.03.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул сага бир жарым тонна бешбармак эмес..
24.03.2018. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде болгондо качан качан эле 120 метрдин акчасын жеп койсо керек эле, бутбой жатып
24.03.2018. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эй карачы кандай нерсе 320 милон$ суунун ортосуна күнү түнү 2400жумушчу иштнп зангыраган нерсе тургузуп атат а бизде даяар нерсени кыла албай койдуго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: