Бишкектеги Анкара көчөсүндөгү жолду оңдоо иштери башталды
Баш калаада Анкара көчөсүнүн Шабдан баатыр
көчөсүнөн М.Ауэзов көчөсүнө чейинки аралыктагы жолду оңдоо иштери башталды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, оңдоо иштерине байланыштуу аталган аралыкта жол убактылуу жабылууда. Аткарылчу иштер түрк грантынын алкагында жүргүзүлүп, 5
чакырым жолду оңдоо иштерине жалпысынан 236 миллион сом жумшалат. Азыркы учурда
жолдун туурасы 11-12 метрди түзсө, оңдоодон кийин 15-16 метрди түзмөкчү.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

