ЖЫЛНААМА, 24-МАРТ: Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадылов 17 жыл мурун каза болгон
Актёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти, эл эсинде “Акбаранын көз жашы” фильминдеги Бостондун образындай сакталган, кайталангыс талант Советбек Жумадылов 2001-жылы 24-мартта 68 жаш курагында каза болгон.
Советбек Жумадылов 1932-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунда жарыкка келген. Пржевальскидеги (азыркы Каракол) педагогикалык окуу жайын, А.Островский атындагы Ташкент мамлекеттик театралдык институтун бүтүргөн. 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына актёр болуп кирген. Кинодогу карьерасы эки жылдан кийин 1955-жылы башталган.
Аз эле убакыт ичинде Советбек Жумадылов деген ысым театрдын сыймыгына айланган. Актёр үчүн катардагы же оң каармандын ролун аткаруу өтө жеңил болгон. Ал эми бир эле мезгилде көрүүчүнү күлдүрүп, ошол замат аны кайра ыйлата да алган татаал образдарды аткаруу Советбек агага гана таандык нерсе деп эскерип келишет театр чеберлери. Репетиция убагында анчалык көңүлдөнүп аткарбай, ал эми камеранын алдында эки көзүнөн от жанып таанылгыс болуп өзгөрүп кеткенин кесиптештери айтып келишет.
24-мартка карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(3)
raikakyz

24.03.2018. 11:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн кучтуу актер болчу.Образда мыкты чебер эккни эсте.Жаткан жери жайлуу болсун!
Megapoliz

24.03.2018. 13:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазын жайлуу кылган болсун. Талантынызга дайыма таазим этип кинолорунуз журогубуздо сакталат
surgeon777

24.03.2018. 17:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жайы жаннаттан болсун,эн таланттуу актер эле..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.