super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги “Сезим” кризистик борбору жабылуу коркунучунда

 

Кул болуп сатылуудан, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам көрсөткөн жападан жалгыз акысыз кызмат көрсөтүүчү Бишкектеги “Сезим” кризистик борбору жабылуу коркунучу астында. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда шаардык кеңештин депутаттары билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин кризистик борбордун кеңсеси мэрияга тиешелүү имаратта болуп келген жана анын ижара акысы 2011-жылга чейин жок болгон. Бул шарт өзгөртүлүп, 2012-жылы акынын 50 пайызын төлөшү керек  болгон. Бүгүнкү күндө ал 100 миң сомду түзүп калган. “Сезим" бир гана психологиялык жардамга муктаждарга эмес, балдары менен жашаган жери жок болгон аялдарга да көмөк көрсөтчү”,- дейт эл өкүлдөрү. Бул маселени шаардык кеңештин депутаттары жакынкы жыйында кароону пландап жатышат. Борбор чет өлкөдөн келген гранттык жардамдын негизинде жабырлануучуларга акысыз иш алып барат.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: