super.kg logo
  Саясат  

Абакта жаткан оппозиционер Бектур Асанов президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат менен кайрылды

 

Абакта жаткан оппозиционер Бектур Асанов президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат менен кайрылды. Бүгүн, 24-мартта жазылган катты жарандык активист Адил Турдукулов социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын комиссиясынын чечими менен №27-абакка которулдум. Бирок ушул күнгө чейин жаза мөөнөтүмдү өтөө үчүн мени туруктуу отрядга которбой ар кандай жайларда кармап келүүдө. Мен абактын жетекчисинен эмне үчүн мыйзамды аткарбай жатасыңар деп сурасам, ал киши "сиздин үстүңүздөн саясий буюртма бар" деп сизге ишарат кылууда. Мен булар айткан сиз тараптан буюртма бар дегенине ишенбейм. Бирок кандайыр бир саясий күчтөр тарабынан атайын чагым уюштурулуп жатканын сезип турам жана сиз тараптан сөзсүз түрдө Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерине жооп болот деп ишенем", - деп жазылат катта.

Эске салсак, 20-мартта Бектур Асанов башкы прокурор Индира Жолдубаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровго ачык кат менен кайрылган.

Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга райондук жана шаардык соттун чечими менен камалышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: