super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы Кытай Коммунисттик партиясы берген жардам боюнча билдирүү жасады

 

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын катчылыгы Кытайдын Коммунисттик партиясы берген 1 миллион сомдук техникалык жардам боюнча билдирүү таратты.

Маалыматта былтыр ноябрдан тарта КСДП фракциясы Кытайдын Кыргыз мамлекетиндеги элчилигинин өкүлдөрүнүн сунушу менен 1 миллион сомдук техникалык жардам боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнү айтылат.

"Бул долбоор партия аркылуу өткөн эмес. Сүйлөшүүдө жардам парламент аркылуу өтөрү айтылган. Сөз жабдуулар жөнүндө жүргөн. Азыркыга чейин долбоор ишке аша элек. Качан ишке аша турганы белгисиз", - деп жазылат билдирүүдө.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кытайдын Коммунисттик партиясы КСДПга жардам иретинде 1 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлгөнүн айткан. КСДПнын саясий кеңешинин төрага орун басары Фарид Ниязов "Кытай Коммунисттик партиясынын жардамын КСДП эмес, Жогорку Кеңештин аппараты алган" деп жооп берген.

Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу парламент Кытайдын Коммунисттик партиясынан жардам албаганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: