super.kg logo

Түштүк Кореяда Нооруз майрамы белгиленди

 
Биринчи жолу тигилген боз үйдү Корея Республикасындагы Кыргыз өлкөсүнүн элчиси Кылычбек Султан атайын Кыргыз диаспорасы үчүн Кыргыз мамлекетинен сатып алып келип берди.
Элчи Кылычбек Султан иш-чаранын уюштуруучуларына жана таланттуу студенттерге ыраазычылык кат тапшырды.
Улуттук тамак-аштар дастаркондон орун алды.
Түштүк Кореяда окуган Кыргыз студенти Нурсултан Алтыбаев жана башка уюштуруучулар.
Мааракеге чет өлкөлүк жана кореялык жарандар да күбө болушту.
Мааракеге чет өлкөлүк жана кореялык жарандар да күбө болушту.
Улуттук жана эл аралык оюндар ойнотулду.

25-мартта Түштүк Кореянын Сеул шаарында Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Түштүк Кореяда окуган Кыргыз студенти Нурсултан Алтыбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чараны аталган мамлекетте билим алып жаткан Кыргыз студенттери уюштурду.

"Нооруз майрамы жылда Түштүк Кореянын ар бир шаарында өткөрүлүп келет. Быйыл Сеул шаарында Нооруз өзгөчө өттү. Биринчи жолу боз үй тигилди. Боз үй Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын жардамы менен тигилди. Иш-чарада улуттук, эл аралык, интеллектуалдык оюндар орун алды. Таланттуу балдарга, кыздарга, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык каттар тапшырылды. Элчи Кылычбек Султан иш-чаранын аягына чейин катышты", - дейт ал.

Ал боз үйдү элчи Кылычбек Султан атайын Кыргыз диаспорасы үчүн Кыргыз мамлекетинен сатып алып келип берди. Боз үй уста Төлөсүн Бектемировдун колунан чыккан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
25.03.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылычбек агай кайда барбасын гулдотот го чиркин) Коп жашаныз,арыбаныз,сиздей инсандар жетекчилер коп болсун кыргызымда.
25.03.2018. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
surgeon777,Кылычбек жокто деле жылда откоруп келгенбиз, буюрса мындан кийинда откоробуз.
25.03.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Президент болсо эки колумду которуп шайлайт элем.
25.03.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн жакшы болуптур. Кайда журсок да кыргыз экенин унутушпай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: