Виталий Кличко Украинада өтө турган президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн
Украинанын Киев шаарынын мэри Виталий Кличко 2019-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экенин билдирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Кличко президенттик жарышка баруусун четке какпаганы менен, алгач өзү башкарган шаардын тургундарына берген убадаларын аткаруусу керектигин айтты.
"Киев шаарынын тургундарынын көңүлүн калтырып, шаар элинин кызыкчылыгынан өзүмдүн саясий жолумдан жогору коюуну каалабайм. Менин жашоо принцибим - сөзүмө туруп, аны аягына чейин аткаруу", - дейт Кличко.
Украинада президенттик шайлоо 2019-жылы өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.