super.kg logo
  Спорт  

Абдурахманхажи Муртазалиев АКШда өткөн жиу-житсу боюнча мелдеште алтын медаль жеңип алды

 

Кыргыз спортчусу Абдурахманхажи Муртазалиев АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында 24-25-март аралыгында өткөн жиу-житсу боюнча "Chicago spring Open" аттуу мелдеште алтын медалды жеңип алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланган.

Абдурахманхажи Муртазалиев 3 беттешке чыгып, атаандаштарын жеңип алган. Алгачкы 2 беттеште упайлардын көптүгү менен жеңишке жетсе, финалдык беттеште атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алтын медалга татыган.

Аталган мелдешке дагы бир Кыргыз спортчу катышкан. Аязбек Мустаков чейрек финалда атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алса, финалга өтүү үчүн беттеште жеңилүү ызасын тартып, коло медалдын ээси болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
26.03.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыргыздын желегин желбиретип кыргыз ким экенин дуйного таанытып атасын
алга женишин менен куттуктайм алга кыргызым
26.03.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир завода тиринировка кылганбыз кучтуу бала байкеси да кучтуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: