super.kg logo

Аскердик кызмат өтөп жүрүп өз өмүрүн кыйгандарга милдеттүү камсыздандыруу төлөп берилип башташы мүмкүн

 

Өлкөнүн Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн, аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн, саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Анда аскердик кызмат өтөп жүрүп өз өмүрүн кыйгандарга милдеттүү камсыздандыруу төлөп берүү каралган.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин бүгүнкү жыйынында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеевдин берген маалыматына ылайык, аталган демилгени ишке ашырыш үчүн бюджеттен 25 миллион сарпталат.

"Иштеп жаткан мыйзамга ылайык, аскерде милдет өтөп жүрүп өз өмүрүн кыйган аскер кызматкерлерине милдеттүү камсыздандыруу төлөнүп берилбейт. Бирок алардын ата-энелери же жакындары баласы башкалар сыяктуу милдет өтөп жүрүп каза болгонун айтып, камсыздандыруу төлөп берүү боюнча кайрылып келишет. Ошондуктан биз баарына бирдей төлөп берүүнү сунуштап жатабыз. Ал үчүн бюджеттен 25 миллион сом керектелет", - деди Кедеев.

Бюджет жана финансы комитети суроо-жооптон соң сунушталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
26.03.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы мыйзам.Депутаттар колдоп бергиле.
26.03.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э Аллахым. Өз өмүрүн кыйгандан өзүң сактай көр. Бирөөнүн баласын өлтүрүп коюп "Өз өмүрүнө кол салды " деп да койгондор бар. Андай иштер болуп кетишинен өзүң сактай көр. Армияда жүргөн ар ббир эр азаматтар үйлөрүнө эсен-аман келишин өзүңдөн суранамын Аллахым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: