super.kg logo
  Спорт  

Александр Крестинин: "Индия менен боло турган беттеште толук күчүбүз менен ойнойбуз"

 

Кыргыз-Индия беттешинде Кыргыз курама командасы толук күчү менен ойнойт. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта маалымат жыйында футбол боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз курама командасы келе жаткан беттешке толугу менен даяр жана бул беттеште толук мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп ойнойт.

"Алгач бардыгын Азия Кубогуна аттанганыбыз менен куттуктайм. Бул жыйынтык кокустан болгон жок. Биз 3 жылдан ашуун убакыттан бери тажрыйбалуу оюн көрсөтүп келе жатабыз. Азия Кубогуна өттүк, бирок Индия менен боло турган беттеште толук күчүбүз менен ойнойбуз. Эртеңки беттешке чейин даярданууга убакыт бар, бул убакытты туура пайдалануу керек. Айтып кетсем биздин команда толугу менен түзүлө элек, биз жаңы өнүгүп келе жатабыз. Учурда белгиленген деңгээлге чейин жеттик, бул белгиден ылдый түшпөй, алдыдагы ийгиликтерди багынтуу керек. Ошондой эле 2017-жылы биздин курама өз талаабызда аз оюн көрсөттүк. Дөлөн Өмүрзаков стадионундагы маанайды бардыгыбыз сагындык", - деп айтты Крестинин.

Айта кетсек, Индия курама командасынын машыктыруучусу Стефан Константин беттештен жеңиш үчүн болгон аракеттерин көрүп жатышканын айткан. "Биз бул жерге жеңилүү үчүн келген жокпуз. Эки команда тең чыкты, тапшырма аткарылды. Бул оюн Азия Кубогуна даярдык катары бааланат жана даярданууну бул оюн менен баштайбыз. Улуттук курама команда ойноп жатканда утулуу дегенди ойлобоо керек", - деп билдирген.

Белгилей кетсек, Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз-Индия беттеши эртең, 27-мартта саат 20:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
26.03.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Жаныласын Алекс. Индия кучтуу команда...
26.03.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
love.me.again,өзүң жаңыласын биздин курамада күчтүү, буйруса Ак Шумкарлар ХХХХХХХХХХ 4-1 есебинде утат
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-26 15:26:03
26.03.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Буюрса АК шумкарлар ХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-26 15:25:28
26.03.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Экинчи составты чыгарыш керек, биз и так Азия кубогуна жолдомо алдык, кийинки ойундарга күчтүү ойунчуларды сактоо керек, мына Индиянын дарбазачысы Земленухиндин кабыргасын сындырган, дагы бир күчтүү оюнчубуздун кабыргасын кайыштырбоо үчүн күчтүү балдарды чыгарбай экинчи составты чыгаруу зарыл, утулсак да күйбөйбүз себеби жолдомо чөнтөктө! Өз жерибизде утулган болбойт деп Лидердин баарын ликвидация кылып албайлы! Крестинин ойлонуп иш кыл!!!
26.03.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Diana-Ban,за чем экинчи составды биринчи эле составды чыгарсын Азия кубогуна чейин убакыт коп
26.03.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Крестин Стефанга окшоп мактанбай жакшы сүйлөптүр алга кыргызстан жеңиш биз тарапта ийгилик.
27.03.2018. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик силерге жигиттер.
27.03.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга алга алга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: