super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге көңүл айтты

 

Бүгүн, 26-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Кемерово шаарындагы соода борборунда болгон өрттөн көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Орусия президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кемерово шаарындагы соода борборунда чыккан өрттөн улам көп адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн каалай турганымды билдирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында айтылат.

Белгилей кетсек, өрт кечээ, 25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" аттуу соода борборунун 4-кабатынан чыккан. Кийин өрт балдар аянтчасы менен кинотеатрды каптаган. Анын кесепетинен элүүдөн ашык адам курман болгону айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: