Ош шаарынын мэри АКШдан 2010-жылдын июнь айындагы окуяны уюштургандарды табууга жардамдашууну суранды
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов АКШдан 2010-жылдын
июнь айындагы окуяны уюштургандарды табууга жардамдашууну суранды. Бул тууралуу
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн,
17-июнда Ош шаарында мэр Мелис Мырзакматов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела
Спратлен менен жолугушкан. Шаар башчысы 2010-жылы июнь окуясынан кийин Ошту калыбына
келтирүүгө жардам бергени үчүн АКШ тарапка ыраазычылык билдирди. Ошондой эле
тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык абалды жана эки өлкөнүн мындан
аркы мамилелеринин өнүгүүсүн талкуулашты.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

