Депутат Бокоев: "Жөлөк пул алгандардын тизмесин ар бир айыл өкмөттүн кеңсесине илип коюу керек. Ошондо байлар жөлөк пул алгандан уялышат"
"Жөлөк пул алгандардын тизмесин ар бир айыл өкмөттүн кеңсесине илип коюу керек. Ошондо байлар жөлөк пул алгандан уялышат", - деп бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев билдирди.
Ал тизмени "жакыр үй-бүлөлөр" деп кызыл түс менен белгилеп коюуну сунуштады. "Байлар жөлөк пул алгандан коркуп, эл көрүп калбасын деп уялышмак. Бирок бир дагы айыл өкмөт тизме илбейт. Анткени коррупциялашып кеткен", - дейт эл өкүлү.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова айыл өкмөттөрдүн кеңселерине тизме илүү боюнча буйрук берилгенин айтты.
Учурда парламенттин комитетинде жөлөк пул тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Чонток жукарып калабы ?