super.kg logo

Депутат Айнуру Алтыбаева: "Жөлөк пулду муктаж эмес үй-бүлөлөр алып жатат"

 

КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева жөлөк пулду муктаж эмес үй-бүлөлөр алып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

"Жөлөк пулду чындап муктаж болуп жаткандар албай жатат. Анткени алардын үйүндөгү чоң аталарынын, чоң энелеринин пенсиясы эсепке алынып жатат. Кээ бир үй-бүлөлөр 2000-жылдан бери жөлөк пул алып, жөлөк пулдун ийнесинде отурат. Жөлөк пул тууралуу мыйзам долбоору коррупцияга каршы экспертизадан өтүшү керек", - дейт депутат.

Жыйында жөлөк пул тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 21-июнунда "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамын кабыл алган. 1-августта ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзамдагы негизги өзгөртүү - бул "Аз камсыздалган үй-бүлө" деген норма жоюлуп, "Балага сүйүнчү", "Балага жөлөк" жана "Үй-бүлөгө көмөк" деген жаӊы түшүнүктөр киргизилгенинде болгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Анда жөлөк пулдун 3 түрү каралган эле. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы төрөлгөн балага бир жолу 4 миң сом "сүйүнчү пул", 3 жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 700 сомдон "жөлөк пул", 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом "үй-бүлөгө көмөк" акча берилмек. Бирок бул көмөк акча бардыгына эле берилбей тургандыгы айтылган. Үй-бүлөнүн 3 жаштан 16 жашка чейин үчтөн ашык баласы болсо, жөлөк пул үчүнчү баладан баштап андан кийинкилерге гана берилмей болгон. Мисалы, 5 баласы барлар 1-2-баласына жөлөк пул ала алышпайт деп түшүндүрүлгөн. Талаш-тартыш дал ушул жерден башталган.

2017-жылдын декабрь айында бул мыйзамга Нарын облусунун тургундары каршы митингге чыгышкан. Алар 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришкен. Мындан улам өкмөт 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын "балага сүйүнчү" төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдырууну сунуштаган. Ошондой эле өкмөт бул мыйзам күчүнө кирсе 30 миңдей бала жөлөк пул албай кала турганын айтышкан.

Жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоору боюнча, 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү жөлөк пулдун жана 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан ашык балдары бар жарандарга ай сайын берилген жөлөк пулдун ордуна муктаж үй-бүлөлөргө берүүнү сунуштаган. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ай сайын социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
26.03.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ар бир торолгон балага суйунчу пул, жолок пул берип жаштарды колдошунар керек. Ошондо кыргыздын саны кобойот. Азыр аялдар торогондон коркот, баламды кантип багып чонойтом деп. Жолок пулду кобойтсонор арбир аял 10дон торойт, кыргыздын саны кобойот, силер кыргыздын кобойушуно балта чаап жатасынар.
26.03.2018. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айта кетчү нерсе: туугандар билип алгыла кимдин төрт баласы болсо жердин налогунан бошотулат экен. Улуусу 18ге чыкмайынча.
26.03.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мамилекетибиз качан онолот жок дегенде озубуздон чыккан свети арзандатып ,Жолок пулду аргандай озгорулорду киргизбей берсе болмок да,же кыйраткан завод фавирика курулган жок
26.03.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Депутаатар ушинтип суйлоп эле убакыт чоюп жатышат,муктаждар деле алалышпай журушотко
26.03.2018. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Экс ажо эптеп септеп шайлоо алдындагы берген жалган убадаларынын бири го.....Шайлаааа..дагы алар шонтип жайлайт
26.03.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президент буга конул болсо.ХХХХХ.Чындап келгенде карапайым эл албайт балдарына
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-27 10:48:49
26.03.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чын эле мен түшүнбөйм чоң атасынын пенсиясы небересине кандай тиешеси бар. Пенсияны өзү үчүн алат өзүнө жумшайтда же неберелериңе жумша деп береби. Кыйратып пенсия алатургансып чоң атасы пенсия алат деп жөлөк пул бербей коюшат. Карыган адам көп ооруйт пенсиясы дары дармегине жетпей калат анан пннсиясы бар дей беришет
27.03.2018. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Талашып тартышкан жолок пулуна бир мешок ун келеби?
27.03.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада иштеп жатса эле муктаж эмес деп?! Бергенинер 3000миндир коп болсо?! 600$кычкач алгандарчы???? Кыргыздардын торолгондон олгондору коп болуп жатат???? Баардык балалуу уй бклого берсин кобойткуло!!!! Коп торогондорго сыйлыктарды беогиле ,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: