Ысык-Көл. Жети-Өгүз районундагы митинг учурунда жабыр тарткандарга жардам берүүгө марафон өтүп жатат
Жети-Өгүз районунун Саруу айылында 31-май күнү митингге чыккандардын арасынан жаракат алган 3 адамга жардам берүү үчүн учурда Кызыл-Суу айылында марафон өтүп жатат. Райондун тургундары бул марафон канча күнгө созулары белгисиз деп билдиришүүдө. Эске салсак, 31- майда «Кумтөр» ишканасына карата Жети-Өгүз районунун кээ бир айылдарынын эли нааразычылык митингине чыгышкан. Анда элди таратуу максатында күч органдары ар кандай каражаттарды колдонушуп, айрым тургундар жаракат алышкан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

