super.kg logo

Токмокто 83 жаштагы пенсионерди тоногон деп шектелип 3 жаран кармалды

 

Чүй облусунун 3 жараны Токмок шаарында пенсионердин үйүнө кирип тоноп кетишкен деп шектелип кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 26-мартта Чүй ОИИББинен кабарлашты.

Берилген маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-февраль күнү саат 18:50 чамасында 25-30 жаштардагы, Европа түспөлүндөгү 2 адам беттерин моюн орогуч менен жашырып алып Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине киришкен. Алар 83 жаштагы үй ээси, пенсионер П.Е. менен 55 жаштагы П.В.га карата күч колдонуп, коркутуп 50 миң сомун алып кетишкен.

"Бул факты боюнча Токмок шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 33 жаштагы К.Н., 44 жаштагы У.А. жана 44 жаштагы З.В. кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө алар бул кылмышты жасагандыктары тууралуу көрсөтмө беришкен", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле шектүүлөр убактылуу жайга киргизилип, тергөө уланып жатканы маалыматта кошумчаланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.03.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХ не деген заман болуп жатат. ....Чоооң эле иштесе ишке тойбогон эргулдар го.... Энеси менен тең адамдарды тоноп. .....
Модератор admin_portal түзөттү 2018-03-27 09:47:36
26.03.2018. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХХХХХХ керек да ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-27 10:18:05
26.03.2018. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озун ынсап берегор чындыгында Кыргызстан да жашаштан корком жашоо барган сайын оорлошуп баратат качан кимиси олтуруп таш бастырып коет деп эх
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: