super.kg logo
  Саясат  

Путин Кемероводогу өрттүн себебин атады

 

Бүгүн, 27-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Кемерового барып, соода борборундагы өрт кырсыгынан улам каза болгондордун элесине арналган мемориалга гүл койду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, андан соң Путин кырсыкка арналган жыйын өткөрдү. Анда Орусиянын президенти шалаакылык жана кайдыгерлик өрттүн себептеринин бири экенин айтты.

"Бизде эмне болуп жатат, куралдуу согуш эмес, шахтада метандын чыгышы эмес да. Жарандар балдары менен эс алганы келишти. Биз калктын саны тууралуу дайыма айтып келебиз, бирок канчалаган адамдарды эмнеден улам жоготуп жатабыз? Шалаакылыктан жана кылмыштуу кайдыгерликтен улам", - деди Путин.

Айта кетсек, 25-март күнү Орусиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" соода борборунда өрт чыккан. 4 кабаттуу соода борбордун жогорку кабаты өрттүн эпицентри болгону айтылууда. Ошондой эле жогорку кабатында кинотеатр жана аттракциондору менен балдар ойноочу аянттар болгону маалыматта кошумчаланат. Учурда өрттөн каза болгондордун саны 64кө жетип, анын сегизи балдар экени жазылууда. Ал эми 13 жаран учурда оор абалда ооруканада жатат.

Ошондой эле маалыматта 64 жарандын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу Кемерово облусунда 3 күндүк аза күтүү күнү деп жарыяланганы, ага губернатор Аман Тулеев кол койгону айтылат. Ага байланыштуу 27-28-29-март күндөрү Орусия Федерациясынын желеги жана облустук желектер түшүрүлөт.

Кемеровонун соода борборундагы өрттө өмүрү кыйылгандардын жакындарына бир катар өлкөлөрдүн лидерлери көңүл айтышууда. Алардын катарында Сооронбай Жээнбеков да көңүл айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: