super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти менен кайсы маселелерди талкуулаганы айтылды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-мартта Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Чжан Вэньцайды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча, анын ичинде транспорт, айыл чарбасы, энергетика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, финансылык тармак жана башка маселелер боюнча пикир алмашуулар болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков негизги финансылык институттардын бири АӨБгө өлкөнүн экономикасын жана анын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруудагы жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы менен АӨБдүн 20 жылдык кызматташтыгынын жакшы тажрыйбасын белгиледи.

Чжан Вэньцай Азия өнүктүрүү банкы жакынкы беш жылга кызматташуу стратегиясын иштеп чыгып жатканын жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу максатында кыргыз тарап менен өнөктөштүк келечегин талкуулоо керектигин белгиледи. Ал АӨБ Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда бардык жагынан жардам берүү даярдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы жакын арада 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору кабыл алынарын эске салды.

Ал АӨБ демилгелерди колдоо процессинде активдүү катыша турганына жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр менен катар жардам көрсөтөрүнө ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков 2018-жыл Президенттин жарлыгы менен Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын жана анын алкагында дагы өлкөнү өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталганын, анын ичинде аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, инфраструктураны, транспорт жолдорун, ирригациялык тармактарды жакшыртуу жана аймак тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелери коюлганын эске салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: