super.kg logo

Аскер прокуратурасы: "Коргоо иштери боюнча комитеттин жооптуу адамдары казынадан бөлүнгөн чоң суммадагы акчаларды мыйзамсыз коротту"

 

Аскер прокуратурасы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматтагы адамдары казынадан бөлүнгөн чоң суммадагы акчаларды мыйзамсыз короткондугун аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2015-жылы, ал учурда Коргоо министрлиги деп аталган комитетке аскердик объектти оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 70 миллион сомдон ашык каражат каралган. Бөлүнгөн акчаны министрликте иштеген кызмат адамдары “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте өз билемдик менен пайдаланышкан. Акчанын 37 миллион сомдон ашыгы оңдолуучу объектке эмес, башка багыттарга колдонулган жана ал акчанын 9 миллион сомдон ашыгы уурдалып кеткен.

Бул иш боюнча Аскер прокуратурасы "кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: