super.kg logo

Инстаграм жаңы билдирүүлөрдү автоматтык түрдө жаңылоону токтотот

 

Учурда Инстаграм социалдык түйүнүндө жаңылыктардын лентасы автоматтык түрдө жаңыланып турса, мындан ары "Жаңы билдирүүлөр" баскычынын жардамы менен гана жаңы сүрөт жана видеолорду көрө алабыз. Бул тууралуу аталган түйүндүн расмий сайты жарыялады.

"Биз "Жаңы билдирүүлөр" баскычын иштеп чыктык. Анын жардамы менен ар бир колдонуучу жаңы билдирүүлөрдү кароого мүмкүнчүлүк алат. Эгер аны колдонбосоңуз, мурда көрүп жаткан жериңизден ары улантып кетсеңиз болот. Бул колдонуучулар маанилүү жаңылыктардан артта калбоо үчүн ойлонуп табылды", - деп жазылат анда.

Ошондой эле буга чейин Инстаграмдын лентасынан жаңы жүктөлгөн жана эски сүрөттөр аралаш орун алса, азыр алгач жаңы билдирүүлөр, андан соң эскилер жайгашат. Бул нерсе социалдык тармактын лентасы өз актуалдуулугун жоготпошу үчүн иштелип чыккан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: