super.kg logo
  Саясат  

Шаардык сотто Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча материалдарды иликтөө башталды

 

Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча материалдарды иликтөө, аларга укуктук баа берүү башталды.

Шыкмаматов соттордон тендер комиссиясынын алты мүчөсүнүн жана Эсептөө палатасынын төрагасынын "Шыкмаматов тендерге катышкан эмес" деген көрсөтмөлөрүн, тендердик документтерде Шыкмаматовдун колу жок экенине укуктук баа берүүнү суранды. Тендердик комиссия ал автоунааларды фирмадан сатып алгандыгы, Шыкмаматовдун ал сатып алууларга тиешеси жок экендиги, мамлекетке бир тыйын чыгым келбегендиги тууралуу далилдерге көңүл бурууну соттордон суранды. Мындан тышкары ал сотторду мыйзамга гана баш ийүүнү өтүндү.

Белгилей кетсек, "Алмамбет Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда.

Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган. Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган.

Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: