super.kg logo

Депутат Канат Исаевди сот дагы бир айга камакта калтырды

 

Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевди дагы бир айга камакта калтырды. Мындай чечимди райондук сот кечээ, 26-мартта кабыл алганын анын жактоочусу Бакыт Осмоналиев билдирди.

"Баш коргоо чарасынын мөөнөтү 30-мартта аяктамак. Кечээ, 26-мартта райондук сот карап, тергөө иштери аяктаганы менен тараптарга иш менен таанышууга мөөнөт керек экенин эске алып, 30-апрелге чейин узартты", - дейт жактоочу.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү Канат Исаевге "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.

Андан сырткары, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Соттун чечимине макул эместигин билдирип, анын жактоочулары шаардык сотко даттанышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: