super.kg logo
  Саясат  

Министр: "Археологиялык тарыхый-маданий мурастар мыйзамсыз казуучулар тарабынан таланып-тонолуп жок кылынууда"

 
"Археологиялык тарыхый-маданий мурастар мыйзамсыз казуучулар тарабынан таланып-тонолуп жок кылынууда", - деди бүгүн, 27-мартта маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов тарыхый-маданий мурастарды коргоо жаатындагы парламенттик угууда.
Министрдин маалыматында, өлкөдө ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине "Сулайман-Тоо", "Ак-Бешим", "Бурана" сындуу көптөгөн тарыхый-археологиялык музей комплекстери бар.
Министр жаӊы тарыхый-маданий мурас объектилерин табуу, эсепке алуу, коргоо чаралары сыяктуу негизги милдеттер каражаттын тартыштыгынан ишке ашпай жаткандыгын айтты.

"Тилекке каршы, каржылык тартыштыктардан улам 2015-2020-жылдар аралыгында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар аксап турат. Бул багытта жылына жок дегенде 25 миллион сом көлөмүндө каражат бөлүнүп турушу зарыл. Өлкө аймагындагы музейлердин он экиси гана атайын ылайыкташтырылган имараттарда турат, калган музейлердин баары шарты жок жайларда жайгашкан. Мындай абал музей экспонаттарынын сакталуусуна өз кесепетин тийгизбей койбойт", - деди Жумагулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: