super.kg logo
  Саясат  

Министр: "Өлкөдө музейлердин кызматкерлери 3 миң сом айлык алат"

 

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңеште тарыхый-археологиялык музей комплекстери боюнча коомдук угуу өтүүдө. Ага тарыхчылар, археологдор, укук коргоочулар, күч түзүмдөрү жана өкмөт мүчөлөрү катышууда. Коомдук угууда тарыхый-археологиялык музей комплекстериндеги негизги маселелер, көйгөйлөр айтылууда. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов бул тармакта жаш адистердин жоктугун айтып, музейлердин кызматкерлеринин маянасы өтө аз экенин айтты.

"Өлкөдө музейлерде 700 кызматкер иштейт. Алардын арасында жаш адистер жок, аймактардагы кызматкерлердин маянасы 3 миӊ сомду, борбордук музейлерде иштегендердики 6 миӊ сомду түзөт. Өлкө аймагында музей адистерин даярдай турган бир дагы жогорку окуу жайы жок. Азыркы учурда Улуттук университеттин базасында музей иштери, тарыхый-маданий мурастарды коргоо багытындагы адистерди даярдоо кафедрасын ачуу жаатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деди Жумагулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: