super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Токтогулда суу насосу үч жылдан бери иштебей турганынын себеби акчасын жеп коюшкан" дейт айыл башчы

 

"Токтогул районунун Кызыл-Туу айылында суу насосу үч жылдан бери иштебей турат. Үч жыл мурун насоско деп бөлүнгөн 1 миллион сом акчаны айылдык депутаттар жеп коюшкан", - деп окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирген эле.

Бул окуя боюнча Кызыл-Туу айыл аймагынын айыл башчысы Кытайбек Такыбаев Жергиликтүү Кеңештин депутаттары бөлүнгөн акчаны өз кызыкчылыктарына колдонуп коюшканы чын дейт.

"Мен айыл башчы болгонума 4 жыл болду. Ошондон бери насос жакшы иштебейт. Быйыл бир фондго барып насоско деп 1 миллион сом бөлдүрдүк. Эми тендер жарыяланып, аны уткандар курат. Мурдагы насоско бөлүнгөн акчаны чындап эле ошол учурда иштеген жергиликтүү кеңештин депутаттары жеп коюшканы чын. Укук коргоо органдары текшерүү иштерин жүргүзүп жатышкан, бирок жыйынтык чыкпай жатат окшойт", - дейт Такыбаев.

Ал эми айыл өкмөтүнүн орун басары Анара Кулжабаева насосту иштеткен атайын адистин жоктугунан ал бузулуп, үлүш жерге берилүүчү суу айрым учурда үзгүлтүккө учураганын айтат.

"Үч жылдан бери иштебей турат деген сөз калп. Былтыр эле айыл өкмөттөн жана атайын фонддон акча бөлүнүп, электрдик кыймылдаткыч сатып алып бергенбиз. Жыл сайын колдонуп жүрүшөт. Ал эми акчаны жеп койду деген маалыматты тактап көрүш керек. Себеби анча акчаны жеп коюу мүмкүн эмес. Балким орноткон моторлору иштебей калгандыр. Суу насосун биз суу чарба жана мелиорация министрлигине өткөрүп берели деп жатабыз, себеби бизде суу боюнча адистер жок, ар кандай кыйынчылыктар жаралып жатат", - дейт Кулжабаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
27.03.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Анара эже чогу жешкенго, моюндагысы келбейт. Чан жугузбайт депутаттарга
27.03.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыйынчылыктар болупатат деп койуптур Анара айым. Акчаны жебегиле,мотор жаны койгула,анан бир да кыйынчылык болбойт
27.03.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айыл башчы эч кимден коркпогон экрек экен!
27.03.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айыл окмотту.Аким кылгыла.Эркек экен.
27.03.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргызстанда жокпи кен насос ондочу
27.03.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыл отмот дерский экенго бирок аты нито угулат элек кулака Кытайбек деп
28.03.2018. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кулжабаеаа кошо жешкен окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: