super.kg logo

Политехте чатакташкан мугалимдердин ишин окуу жайда түзүлгөн комиссия иликтөөдө

 

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин мугалимдери окуу жайда чатакташып, милицияга арыз менен кайрылгандардын ишин учурда комиссия иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан SUPER.KG порталына билдиришти.

"Мугалимдер ортосунда чыккан чатак 23-мартта, 5-күнү окуу жайда болгон. 26-мартта ректордун буйругу менен комиссия түзүлгөн. Алар ишти иликтеп чыккандан кийин чечим чыгат. Учурда кафедра башчысынын байланыш номерлери өчүк, байланыша албай жатабыз. Бирок туугандары ооруканада деп жатышат", - деди окуу жайдын өкүлү.

Эске салсак, буга чейин "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Мугалимдер окуу жайда мас болуп жүрүшөт" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.

Видеону тартып алган мугалим SUPER.KG порталына: "Кафедра башчысынын кабинетинде майрамдап жатканын видеого тартып алганым үчүн анын аспиранты мени сабап салды. Кабинетте ошол аспирант экөө ичип отурушкан", - деп билдирген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.03.2018. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чатак сүйлөп, чычаалак - чыр адамдын мүнөзү, токтоо сүйлөп, жай айткан - сабырдуунун мүнөзү.
Mirlan27011987 түзөттү 2018-03-27 16:03:25
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: