super.kg logo

Базар-Коргондо 22 жаштагы айдоочу 2 окуучуну сүзүп кетти. 13 жаштагы кыз ооруканага жетпей каза болду

 

Базар-Коргондо 2 окуучу кызды унаа сүзүп, бири окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-мартта Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында 22 жаштагы айдоочу ВАЗ 21074 үлгүсүндөгү унаасы менен мектептен үйүн көздөй бара жаткан 2 окуучуну сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 13 жаштагы Л.К. аттуу кыз окуя болгон жерден каза болуп, 14 жаштагы М.А. аттуу кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

"Айдоочу окуяга күбө болгон адамдардын жардамы менен окуучу кыздарды башка унаага салып, райондук ооруканага жеткирген. Ал эми окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана ыкчам тергөө тобу барган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү иштер аткарылган. Бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп кошумчалады Айбек Сатыбалдиев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.03.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эххх жайын жаннаттан болсун.
28.03.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоочулар эл жашаган аймактарда 50 дон ашырбай ылдамдыкты айдаса, жөө жүргүнчүлөрду сүзүп кетүү азаймак эле. Рулда отурганда башкалардын да өмүрүн ойлой журушсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: