super.kg logo

Кореядагы кыргыздар Ноорузду кантип майрамдашты? (фоторепортаж)

 
Майрам кызыктуу оюндар менен коштолду
Мекенден алыс жүргөн Кыргыз жарандары улуттук ыр-бийлерге да күбө болушту
Мекенден алыс жүргөн Кыргыз жарандары улуттук ыр-бийлерге да күбө болушту
Кыргыздын улуттук маданиятын жайылтуу үчүн диаспорага боз үй тапшырылды
Сеул шаарынын жашоочулары да сүмөлөк, боорсоктун даамын татышты
Улуттук тамак-аштар менен дасторкон жасалды
Элчи уюштуруучуларга ыраазычылык катын тапшырды
Майрамга келгендер мекенине болгон сагынычын таратып кетишти

Кыргыз Республикасынын Кореядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан Кыргыз диаспорасына элчиликтин атынан бардык керектүү буюмдары менен жасалгаланган боз үйдү тапшырды. Бул тууралуу маалыматты элчиликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, элчи боз үйдү Сеул шаарында Кыргыз жарандары Нооруз майрамын белгилеп жаткан учурда тапшырган. Боз үй Кыргыз жеринен улуттук маданиятты жайылтуу жана диаспоранын ынтымагын бекемдөө максатында алынган.

"25-мартта Түштүк Кореянын Сеул шаарында Нооруз майрамына карата маданий-массалык иш-чара өттү. Ал Кореяда окуп, билим алып жаткан Нурсултан Алтыбаев, Ульсана аттуу жаштар баштаган студенттер тарабынан уюштурулду. Салтанатка келген элчи Кылычбек Султан мекендештерди майрамы менен куттуктап, бул жылда Кореяда Кыргыз мамлекети үчүн маанилүү болгон иш-чаралар өткөндүгүнө токтолду. Алардын бири Пйоңчаңда өткөн Кышкы Олимпиада оюндары, ага Кыргыздын 2 спортчусунун катышуусу болсо, экинчиси футбол боюнча 2019-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында өткөн Кыргыз-Мьянма беттеши жана Кыргыз курамасынын жеңиши. Муну менен Кыргыздын тарыхында биринчи жолу Кыргыз курама командасы Азия Кубогуна катышууга мүмкүнчүлүк алганын айтты ал", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле элчи мигранттардын өлкөдө мыйзамсыз жүрүү маселесине да токтолуп, келечекте Кыргыз жарандары Корея Республикасына виза алуу режимин жөнөкөйлөтүү үчүн жарандардын мыйзамдуу жүрүшү маанилүү жана зарыл экенин айткан.

Сөз соңунда Кылычбек Султан уюштуруучуларга ыраазычылык баракчасын тапшырып, майрам ыр-бий, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, оюн-зоок менен коштолгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
27.03.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматтар!
Ушул Кылычбек Султановду Россияга элчи кылыш керек. Мигранттарга жардамы тиймек деп ойлойм. Россияда кыйналган кыргыз мигранттарына ушул киши жардам берсе кк эле.Барган жерин гулдотуп иштеп журот.
nurka_85 түзөттү 2018-03-27 19:45:00
28.03.2018. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Москвада да Нооруз майрамын откорушту вдхда биздин боз уйго кирейин десен эшиги жабык посольстводогу киши согунуп киргизбейт аны видеого тартып алдык жакында жиберем. Казакстан ж.б ныкы ачык баары кирип суротко тушуп атышты уят уят
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: