super.kg logo

Президент УКМКнын төрагасына резонанс жараткан коррупциялык иштерди аягына чыгаруу керектигин айтты

 

27-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Абдил Сегизбаев Сооронбай Жээнбековго Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынынын чечиминин алкагында милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Коррупция менен күрөш жана ага каршы аракеттенүү боюнча мындан аркы пландар талкууланды.

Мамлекет башчысы биринчи жыйынтыктар бар экенин, бирок коррупциялык иш-аракеттерди аныктоо боюнча жумуштарды ыкчамдатып, резонанс жараткан коррупциялык иштерди аягына чыгаруу керектигин белгиледи.

Президент жарандардын арыздары менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурду. "Жарандардан келип түшкөн бир да арыз же кайрылуу жоопсуз калбашы керек", - дейт Жээнбеков.

УКМК төрагасы президентке өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигин аныктап, аларга жол бербөөгө байланыштуу иштер тууралуу маалымат берди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
27.03.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызстанды тунгуйука алып баратасынаааааар СДПК -чылаааар...
27.03.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akyn,Башка СДПКчыларды билбейм, бирок Жээнбеков баарын ордуна коет. Ага да аз калды.
27.03.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эн биринчи Белизгейт боюнча ушул Сегизбаевди бошотуп, суракка алыш керек эле. Бирок, бул да унутулуп кеткидей.
27.03.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
kirgiz.....,Белизгейт да убактысы келгенде ачыкка чыгат. Ким куноолуу болсо жооп берет. Тарых алдында да.
27.03.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bazake, Базаке Жээнбековду аябай эле мактайсында жерге сууга тийгизбей. Бийлике келгенден бери экономикага пайдалуу бир иш кылганын коро элекбиз.
27.03.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бишкек 386 гейттен дайын жок
27.03.2018. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу президент ар Бир айыл окмоттун башчыларын да чакырып эмне иш калганын текшеринчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: