super.kg logo

Экотехинспекция: "Нарын шаарындагы саркынды топтоочу жайы бир канча жылдан бери кооптуу абалда"

 

Нарын шаарындагы саркынды топтоочу жайы толук кандуу техникалык талаптарга жооп бербей, бир нече жылдан бери кооптуу абалда. Бул тууралуу 27-мартта Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан кабарлашты.

Маалымат боюнча, саркынды топтоочу жайдан кир суулар чыпкаланып, андан соң Нарын дарыясына барып кошулат.

"Адистердин айтымында, бул көрүнүш көп жылдан бери сакталып келет. Анын кесепетинен кооптуу абал пайда болууда. Биздин мекеменин инспекторлору аталган жайга текшерүүлөрдү жүргүзүп, атайын суунун үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөлөргө жөнөтүп турушат. Инспекторлор бүгүнкү күндө аталган жайды иретке келтирүү талабына ылыйык, оңдоп-түзөө иштери баштала турганы тууралуу маалымат беришти", - деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: