super.kg logo

Аргентинада 68 дельфин суунун жээгине чыгып калды

 

Аргентинанын Пуэрто-Мадрин районунда бир учурда 68 дельфин суунун жээгине чыгып калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, суунун жээгине чыккан 68 дельфиндин он тогузу гана тийиштүү органдар тарабынан куткарылып деңизге коё берилген, калган 49 дельфин өлүп калган. Дельфиндер суу жээгине сүзүп келишкен, андан соң толкун менен жээкке сүрүлүп сууга кайта албай калышкан.

Адистердин айтымында буга чейин амазондук дельфиндердин массалык түрдө өлүшү катталган эмес. Алар жээкке башчысы жол таппай калгандыктан улам чыгып калган деген божомолдор айтылууда. Азыркы тапта окуяны иликтөө иштери башталган.

Амазондук дельфиндердин узундугу 3 метрге чейин болуп, салмагы 200 килограммга жетет. Алар кир сууда да мыкты угуусу жана сезүүсү менен туура багытта сүзө алышат. Башка дельфиндерге салыштырмалуу жай кыймылдайт саатына орточо эсеп менен 3 чакырымды, эң тез жүргөнү саатына 22 чакырымды сүзүп өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.03.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар түркүн эле кабарлар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: