Кыргыз-Индия беттеши: Мирлан Мурзаев мыкты оюнчу аталды
Кечээ, 27-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагындагы Кыргыз-Индия беттешинде Кыргыз курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев мыкты оюнчу аталды.
Мурзаев талаага башкы курамда чыгып, оюндун аягына чейин ойноду. Ал эми оюндун 72-мүнөтүндө атаандаштарынын дарбазасына Кыргызга жеңиш алып келген экинчи голду киргизди. Бул гол чабуулчунун улуттук курамдын расмий беттештериндеги алтынчысы болуп саналды.
Белгилей кетсек, беттештен соң Кыргыз курамасынын күйөрмандары кубанычтарын жашырбай, ордунан обдула туруп сүйүнүштү. Оюн жыйынтыкталып, эл тараган учурда күйөрмандар жеңиштен кийин көтөрүңкү маанайда, добулбас уруп кубанычтуу тарады.
Кыргыз-Индия беттеши: Футбол боюнча улуттук курам тарыхый жеңишти алып келди
Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Группа А
1. Кыргызстан
2. Индия
3. Мьянма
4. Макао