super.kg logo

Курманкул Зулушев: "ЖЭБди жаңылоого жумшалган каражаттар боюнча чекит коюшубуз керек"

 

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев эл менен жолукканда коррупция менен күрөшүү жана Бишкек ЖЭБин жаңылоодо жумшалган каражат тууралуу маселе көтөрүлгөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Биз өткөн жумада эл менен жолугушуп келдик. Эл өздөрүнүн социалдык көйгөйлөрүн айтпастан, алар коррупциялык иштер, ЖЭБдеги ызы-чуулар тууралуу маселени көтөрүштү. Укук коргоо органынын жардамы менен эмес, Кудайдын жардамы менен Бишкек ЖЭБиндеги коротулган каражаттар ачыкка чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин ЖЭБди жаңылоо боюнча коротулган 386 миллион доллар боюнча кылмыш иши козголо элек. Депутат Алмамбет Шыкмаматовго автоунаа үчүн кылмыш ишин козгошту. Ал эми ЖЭБге алынган кымбат баалуу камералар боюнча кылмыш иши козголгон жок. Өкмөт бул маселени унутта калтырып жатат. Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча чехиялык компания менен, "Акылдуу шаар" долбоору боюнча кытайлык компания менен келишим үзүлдү. Бул боюнча өкмөт өлкөгө зыяны тийген жок деп айтып жатат. Бул туура эмес, зыяны тийип жатат. Парламенттин комитети юстиция министрине, экономика министрине баасын берген. Бирок жыйынтык болгон жок. Өкмөт тараптан чабал мыйзам долбоорлору келип жатат. Биз шайлаган өкмөт азыркы учурда саясий жактан, экономикалык жактан да банкрот болуп турат.

ЖЭБди жаңылоого жумшалган каражаттар боюнча күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартып, бул маселеге чекит коюу зарыл. Президент коррупцияга каршы жакшы демилге көтөрдү, эми аны өзү көзөмөлгө алып, аягына чыгаруу абзел. Эгерде ЖЭБге жумшалган каражат боюнча кылмыш иши козголбосо президент, өкмөт, депутаттар коррупция менен күрөшүү тууралуу сөз айтпай эле коюшубуз керек", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.03.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камералар 14500 доллардан алынган эмес. Видеокамераны 650 сомго алсаң болот. пристакасы 200$ турат. Короче 30000 сомго 8 камера приставка монитору менен алсаң болот. Ишенбесеңер ХХХХХХХХХХХХ карап көргүлө, чалып
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-28 11:00:19
28.03.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттык комиссия бирдемени кыйратып ачыка чыгарганын коро элекбиз, баар барып президентке такалат. Популист болобербегиле депуттатар колунардан келбегенден кийин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: