super.kg logo

ӨКМ: "Өлкөдөгү мектептерде өрт учурунда эвакуация үчүн кошумча эшиктер жабык"

 

Өлкөдөгү мектептерде өрт учурунда эвакуация үчүн кошумча эшиктер жабык. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта мугалимдер менен жолугушууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларды даярдоо борборунун башчысынын орун басары Миңболот Бекжанов билдирди.

"Орусиянын Кемерово шаарында болгон окуя ар бир өлкөдө болуп калышы мүмкүн. Мындан улам биз өрт коопсуздугуна каршы иш-чараларды өткөрүшүбүз керек. Мектептерде өзгөчө кырдаал жаралса, кошумча эшиктер жабык. Айрым мектептерде темир тосмолор менен жабылган, кээ бир окуу жайларда ачкычы мектептин чарба башчыларында гана бар. Алар мектептен алыс жашаган болсо, анда өрт чыккан учурда кошумча эшиктер ачылбай калуусу мүмкүн, андыктан мугалимдер бардык шартты эске алуусу керек", - деди Бекжанов.

Айта кетсек, 25-март күнү Орусиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" соода борборунда өрт чыккан. 4 кабаттуу соода борбордун жогорку кабаты өрттүн эпицентри болгону айтылууда. Ошондой эле жогорку кабатында кинотеатр жана аттракциондору менен балдар ойноочу аянттар болгон. Расмий маалымат боюнча өрттөн 64 адам каза тапса, анын 41и жаш балдар. Алардын бир тобу имараттын кошумча эшиктери жабык болуп калгандыктан сыртка чыга албай калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.03.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура
28.03.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтат кошумча эшиктер омуру ачылбайт дайым жабык турат.бир нерсе болсо Кудай сактасында келип текшерип директорлордун пачагын чыгарып кетсенер болот любой мектепке барып +акчада иштеп каласынар.алар оздору биринчи качат запасной эшиктен.директорлор оздорун президент сезишип эч кимге корунушпой запазной эшиктен кирип чыгышат.уру мышыктай болуп.
28.03.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ноокат районун Н Исанов айылындагы бир катар мектептерди четинен санап коргозуп берем алардын бири М.В. Ломоносов мектеби коопсудук учун 8 эшик бар бири эле ачылып жабылат калгандары мык мн кагып салышкан
momun74 түзөттү 2018-03-28 20:21:32
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: