super.kg logo

Бишкек шаардык соту жөлөк пул боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу Нурбек Токтакуновдун арызын карап, чечим чыгарды

 

Бишкек шаардык соту жөлөк пул боюнча арызды карап чыгып, чечим менен тааныштырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кечээ, 28-мартта аталган арызды берген укук коргоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

"Бишкек шаардык соту 26-мартта чечим менен тааныштырды. Чечимдин негизинде Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда менин арызым боюнча кайра кароо өткөрүү боюнча чечимин чыгарды. Отурум кайсы күнү өтө тургандыгы белгисиз", - деди Токтакунов.

Эске салсак, 22-мартта Бишкек шаардык соту Нурбек Токтакуновдун жөлөк пул боюнча арызын карап, чечимди 26-мартта угуза турганын айткан. Токтакунов жөлөк пул боюнча мыйзам долбоору комдук талкууга коюлбаганын, калктын кызыкчылыгын эске албай кабыл алынып жатканын айтып, негизги талабы мыйзам долбоорун артка чакыртуу экенин белгилеген.

Бишкек шаарынын райондор аралык соту Токтакуновдун бул маселеге тиешеси жок экенин айтып, ишти кароодон баш тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.03.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан коро Ата-Мекендин депутаттарын жалган болсо деле жамандап берсен тезиреек карашмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: