super.kg logo

ӨКМ: "Турак жайларга өрт коопсуздугу боюнча мыйзамсыз берилген уруксат кагаздары кайра артка кайтарылат"

 

Турак жайларды салууда өрт коопсуздугу боюнча Өрткө каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз берилген уруксат кагаздарын кайра артка кайтаруу боюнча министрлик буйрук даярдоодо. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.

"Учурда турак жайларга жана объектилерге өрт коопсуздугу боюнча уруксат кагазын берген кызматкерлер учурда Өрткө каршы кызматында иштешпейт. Ал эми учурунда берилип калган уруксат кагаздарды кайра артка кайтаруу боюнча атайын буйрук даярдалып, жакынкы күндөрү күчүнө кирет", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Эске салсак, аскер прокуратурасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын кызматкерлерине 6 кылмыш ишин козгогон. Анда өрткө каршы кызматынын кызматкерлери "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте коррупциялык иш-аракеттер менен алектенишкен. Алар турак жайларды салуудагы Өрткө каршы кызматынын талаптарына жооп бербеген маселелерди биргелешип көрмөксөн болуп, уруксат кагаздарын берип турушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: