Мэрия: "Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндөгү оңдоо иштери 23-апрелде аяктайт"
Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүндөгү оңдоо иштери 23-апрелде аяктайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаев билдирди.
"Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып Манас кең көчөсүнө чейинки аралыгы план боюнча 23-апрелге чейин бүтүп, жол ачылып калышы керек. Убагында бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз. Бул жолду оңдоп-түзөө үчүн кытайдын "Чайна Роуд" компаниясы иштеп жатат", - деп билдирди Эшенбаев.
Эске салсак, 2018-жылдын 22-мартынан бери оңдоо иштерине байланыштуу Жибек Жолу көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып Манас кең көчөсүнө чейинки аралыгы жабык турат.
Жибек Жолу: Бишкекте 500 метр жолду 1 жума ремонт кылабы?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.