super.kg logo

Кемероводо өрттөн каза тапкандардын саны боюнча жалган маалымат таратты деп украиналык пранкер изделүүдө

 

Орусиянын Тергөө комитети Кемерово шаарында соода борборундагы өрттөн каза болгондордун саны боюнча жалган маалымат тараткан пранкер ким экендигин аныктап, ага карата кылмыш ишин козгоду. Орусиялык ЖМКлардын Тергөө комитетине таянып жазган маалыматына караганда, ал Евгений Вольнов аттуу украиналык пранкер болуп чыкты. Учурда комитет ага карата издөө жарыялоону жана сырттан камакка алууну пландоодо.

Маалыматтар боюнча, Евгений Вольнов Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда өрт чыккан учурда өзүнүн YouTube каналына жалган маалыматтарды камтыган видеосун жарыялаган. Анда ал өзүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү катары тааныштырып, шаардагы өлүк сактоочу жайларга 300дөй адамдын жансыз денеси алып келине турганын айткан. Анын жалган маалыматы интернетке өтө ылдамдык менен тарап кеткен.

Айта кетсек, 25-март күнү Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" соода борборунда өрт чыккан. Анын кесепетинен 64 адам каза тапкан. Анын 41и жаш балдар экендиги айтылды. Ал эми Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги каза болгон жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
28.03.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уктум суйлогонун...Кармашса"сапсим"кылышат го.Элдер олуп атса табалаган немени.
28.03.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай окунучтуу.бирок кыргыздар жок экенине суйундум.
28.03.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Украина эли негизи таршанкой келет. Ошон учун Хахол каймана атка конгон
28.03.2018. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
адашпасам баяле ошону видеосун кордум окшойт. "400 человек погибло в трагедии" деген болчу!
28.03.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Балким чындыр, [moderated] каналына корсотбоптурбу? Орустар жаап жашырууга уста
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: