super.kg logo

Астролог жакын арада кайсы саясий окуяларды күтүү керектигин айтты

 

Бүгүн, 28-мартта астролог Андрей Рязанцев маалымат жыйынын уюштуруп, журналисттерге өлкөдө быйыл кандай саясий окуялар күтүлө турганын айтты.

"2018-жылдын апрель айында Юпитер жана Плутон планеталарынын энергиясы кайрадан түзүүгө багытталган иштерге жакшы таасирин тийгизет. Ал эми Меркурий менен Сатурн жана Күн менен Плутон кыжырлануу, уруш-чатактын себепкери болушат. Мындан улам чечилбеген көйгөйлөр, жаңжалдар кайрадан күчүнө кирет.

15-апрелден баштап кетирген катачылыктарды, ишке ашпай калган пландарды кайрадан ойлонуп чыгууга ыңгайлуу учур. Ошондой эле башталган иштер жемиштүү болуп, мамлекеттик ар кайсы тармактарга, бизнес баштоого сүйлөшүүлөр жакшы жүрөт. Бул жылдын жыйынтыгында максатка ар кандай жолдор менен жетүү жакшы жыйынтыктарды алып келбейт. Андыктан шашпай ойлонулган мамиле талап кылынат", - дейт Рязанцев.

Мындан тышкары, астролог май айы чыгармачылыкка эргүү алып келчү ай экенин, бул айда билимди тереңдетүү жаңы тааныштарды табууга ылайыктуу боло турганын билдирди.

"Апрель айында Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик башкаруу түзүмү жакшыруу менен жакынкы жылдардагы өлкөнүн стратегиясын иштеп чыгуу маселеси аяктайт. Ошондой эле бийликти бекемдөөгө жана коюлган пландарды аткарууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Апрель айынын экинчи жарымында кабыл алынган чечимдер өлкөнүн жаңылануусунун башталышы болот.

Ал эми май менен июнь айларында коңшу мамлекеттер менен түзүлгөн алакада көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Аны менен бирге аба ырайынын бузулушу айыл-кыштактарда жер көчкүлөрдүн болушу экономикага таасирин тийгизет. Бул көйгөйлөрдөн улам парламенттин өзгөртүлүшүнө сунуш киргизилет. Май айында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кабыл ала турган чечимдер кыйынчылыктарды жеңип чыгууга шарт түзөт.

Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн 2018-жылдын апрель айы маанилүү болот, ал саясий карьерасын кайрадан баштайт. Кийинки кадамын 2019-жылдын жаз айларында таштап, күз мезгилинде карьералык жаңы бийиктикке көтөрүлөт", - деген пикирде астролог.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.03.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бир жаратканга ишенем
28.03.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шайтан
28.03.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Муну эмне чыгарып жатасыңар!
28.03.2018. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Беш мүнөттөн кийин эмне болоорун бир Аллах билет. А бул кайдагы жомокту айтып тантырабасын.
28.03.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бубу бакшы, козу ачык парапсихолог экстрасенс астролог дегендер баары шайтан менен иштегендер, буларга ишенуу ыймандан чыгарат. Баары Аллахтын колунда.
28.03.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгын убакыт гана корсотот. Убакыт - улуу мугалим. Кудайчылар да, толгочулор да, козу ачыктар да эмнени туш корсо ошого ишенип айта беришет. Адам озунун акылына гана ишениш керек. Асмандан эч нерсе озунон озу тушпойт. Андай нерсени бала кезде жомоктордон окуганбыз.
Mirlan27011987 түзөттү 2018-03-28 21:51:02
29.03.2018. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевдин эмне кереги бар бул жерге озуно айтпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: