super.kg logo

Ата-салты: Тушоо кесүү. Эмне үчүн бала бутуна ала жип байланат?

 

Алмустактан бери келе жаткан улуттун уюткусун кармаган салттарыбыздын сакталышы жана жайылышы азыркы коомго өтө керек. Дүйнөлөшүү шарданынын шар суусуна агып кетпей, кылымдап келген салт нускаларды сактап, аны заманга бап келтирип колдоно билүүгө үндөө керек. Салт-санааларыбыздын биз билип биле элек сырлары, тактап айтканда, эзелтен кыргыздар тушоо кесүү тоюн эмне себептен өткөрүп келгендиги тууралуу айтып беребиз.

Кыргыз эли илгертеден эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз-каз туруп, там-туң баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн. Жаш келиндерге балдарын багууга, тарбиялоого байбичелер, бала багууга өтө жөндөмдүү аялдар жакындан жардам кылган. Бала там-туң баса баштагандан тарта ага атайын чыгырык жасап, жетелеп бастырышкан. Чоң ата, чоң эне, ата-энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн.

Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тушоо тойго келген кадырлуу аксакал колдонула элек жаңы бычагын, ал эми байбиче жүндөн ала жип эшип той ээсине тапшырган.

Алгач тушоосу кесилип жаткан наристенин бутуна ак менен кара жүндөн эшилген жип чалып байланат. Бул жип сөзсүз эле койдун жүнүнөн жасалган эмес. Эгер бул кааданы жасоо убактысы кой кыркым мезгилине туш келбей калса, ала жипти куйрук жүн, шакмар, такым сыяктуу жүндөрдөн жасашкан.

Наристенин бутуна тушоо катары байланган ак менен кара түстөгү жиптин да өз мааниси бар. Кыргызда турмуш деген бир кылка болбойт, кандай болгон күндө дагы барга да, жокко да бирдей карап, ак-караны бирге алып жүр дегенди түшүндүрөт. Тушоо кесүүдө анын мындан аркы жолу шыдыр болсун, ар дайым барган жеринде жакшылык жылоолосун, артка тарта турган эч кандай тушоо болбосун деген маани жатат. Тушоонун жиби чырмалышып турат. Мааниси жагынан алганда - бул чырмалган белги адамдын ДНКсынын түзүлүшү менен байланышып турат.

Баланын тоюн өткөрүү үчүн той башкаруучу дайындалган. Жарышты баштоо үчүн жер жана мара белгиленет. Башкаруучу тойго келген аксакалдарды баш кылып эркектерди, аялдарды маранын айланасына, жердин шартына жараша катар отургузат. Жарышка жаш курагы тең балдар же кыздар катышат. Чоң кишилерди жарыштырган учурлар да болот. Тушоосу кесилүүчү баланы марадан 10-15 метр алыстыкта атасы же апасы, же болбосо айыл аксакалдарынын бири эки бутун ала жип менен тушап кармап турат.

Топтун алдында жарпы жазылып, абдан бир көңүл толкуган акыбалда келип туруп, ымыркайдын тушалуу турган бутундагы жипти шарт кесет. Андан кийин ошол биринчи келген адам ымыркайды колдон алып тушоосу кесилгенден кийинки алгачкы кадамдарын тең бөлүшө жетелеп басат. Демек, дал ушул тушоо кесүү тоюнун түпкү маанисинде ошол бардык атаандаштарын артка калтырып, жеңүүчү болгон адам менен ымыркайдын жан дүйнөсү жанашып, бардык кемчиликтери түздөлүп кетсин. Так ошол күлүк бала сыяктуу мындан аркы жашоосунда дагы, элден артта калбай башын сыймыктуу көтөрүп, ар дайым алдыда жүрсүн деген ой жатат. Тушоо кесилген соң тойго келген наристенин атасы жактан келген эң улуу адам же болбосо айыл аксакалы бата берүүгө тийиш.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
04.04.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы.
04.04.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каадасыз эл болбойт, канатсыз куш болбойт.
05.04.2018. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз утатууда, келин алууда салттарды да жазып койунуздарчы
05.04.2018. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ДНК
05.04.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жаштардын кобу билбейт болуш керек.Билип алышсын.
05.04.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда кээде тупку тегибиз кыргызбы жээ арабтарбы тушунбой кетесин , кийингенибизге , журум турумубузга карап . Ушуга окшогон макалаларды салып тургулачы тез тез , ата тегбиз кыргыз экенин унутпай турайлы .
05.04.2018. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
динге ото берилгендер биздин салты кийинки убакта четке кага баштады.салтыбыз мен учун ыйык ошондуктан салтты да унутпайлы
05.04.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байге берген жерин калтырып кетипсинер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: